www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-январында Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына “Factcheck.kg” интернет сайтынын башкы редактору Болот Темиров жазуу түрүндө арыз менен кайрылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 9-январында саат 12:45 чамасында Бишкек шаарынын Эркиндик бульварынан азият үлгүсүндөгү белгисиз 25-30 чамасындагы  үч жаран кол салып, күч колдонуу менен сабап “Самсунг Ж-7” үлгүсүндөгү 4000 сомдук уюлдук телефонун алып качып белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү ресстерине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренесинин 1 –бөлүмүнө каралган (Тоноо) боюнча иш козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, ыкчам –терөө тобунун ыкчам иликтөө, издөө иш-чаралары жүрүшүндө 2020-жылдын 14-январында Бишкек ШИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Д.Б., 1993-жылы туулган А.Б., 1992-жылкы Э.Ж. жана 1994-жылы туулган А.О аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалышкан.

2020-жылдын 14-январында эртең мененки саат 07:00до Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98 –беренесине ылайык  шектүүлөр Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренсинин 2-бөлүмүнүн 1,2 пунктары жана 3-бөлүмүнүн 3-пункту (адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо) менен  Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киризилди. 

Учурда кылмыштын баардык жагдайларын  аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатат.

Тергөө амалдарын жүрүшүндө бардык жагдайлардын аныкталышы менен шектүүлөрдүн кыймыл аракетине кошумча юридикалык баа берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости