www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку маалымат катчысы Жанарбек Акаев интернетке тараган Атамбаев, анын жубайы жана Хабибулла Абдыкадыр үчөөнүн түшкөн сүрөтү жасалма эмес, чын экенин “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Интернетке тараган сүрөт "фейк" эмес. Алардын ортосунда чындап эле тыгыз мамиле, карым-катнаш болгон. Аткезчилик чийимдер менен акчанын агымын ээн-эркин алып чыгып турган көрүнүштөр Хабибулла Абдукадырдын Кыргызстандын ошол кездеги бийлиги менен мамилесинин өтө тереңдеп кеткенин билгизип турат. Ошол кездеги мамлекет башчы Атамбаевдин жеке колдоосу болбосо, бийлик анын иш-аракетине таптакыр эле көз жуумп коймок эмес. Ошондуктан Атамбаев Хабибулла Абдыкадыр менен мамиле түзүп, анын каражатын пайдаланып турганы айдан-ачык эле көрүнүп калды. Анан эле "мен аны билбей калыпмын, аны менен мени башка бирөө тааныштырган" деп четке чыга берген туура эмес. Атамбаев кезинде "чет элдик бай досторум, жардам берип жатат" деп байма-бай кайталап, улам айтып жүргөн "досу" мына ошол Хабибулла Абдыкадыр болуп чыкты. Ошонун эсебинен Атамбаев Бишкектеги заңгыраган "7-апрель" мечитин, Кой-Таштагы хан сарайдан сырткары, мамлекеттик резиденциянын ичине наркы асман чапчыган дагы бир резиденциянын имаратын курдурду. Ошонун бардыгын ал "досторум каржылап берди" деп жүргөн. Эми мына ошол акча каражатынын булактарын текшерип чыгып, анын ордуна кандай кызмат көрсөтүү болгонун аныктоо зарыл. Анткени бул жерде кандай кызыкчылыктар болгону эми ачыкка чыгып жатат, - дейт анда Жанар Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости