www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай журналисти орус аялдары эмне себептен кытай аялдарына караганда тез картаярын Sohu газетасына жазып чыкты.

“Эң негизги себеби – орус аялдары турмушка чыккандан кийин, болгон энергиясынын баарын үй-бүлөсүнө бөлүп, мурункудай өздөрүн карабай калат. Дагы бир  маанилүү фактор – генетика. Орус айымдары  узун бойлуу жана ачык терилүү келишкендиктен, орто жашка келип калганда семире башташат. Бул нерседен эч жакка качып кутула алышпайт. Мындан тышкары суук климат деп, айымдар жогорку калориядагы тамак-ашка көп көңүл бөлүшөт. Мисалга, эт, кум шекер, колбасанын түрлөрү. Бул азыктарды алар туура жана ден-соолукка пайдалуу азыктар деп билишет. Негизи бул азыктардан качып, турмушка чыккандан кийин өздөрүнө жакшы көңүл бөлүп  карашса эле, карылык алардан алыстайт”, -дейт кытай журналисти.

Эске салсак, кытайдын аялдарынын өмүрүнүн орточо жашы - 77 жаш болсо, эркектериники - 72 жаш. Ал эми орус аялдары орточо эсеп менен 76 жыл жашаса, эркектери 65 жашка чейин жашайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости