www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акча дарагын көрдүңүз беле?

“Акча даракта өспөйт” деген сөздү кулагыңыз чалса керек. Ал сөзгө Шотландиядагы Peak Disrict  токоюндагы дарактарды көрүп күмөн санайсыз.

Жолоочулар ушул токойдогу дарактардын сөңгөктөрүнө таш менен уруп тыйын кадашат, бул тыйын ээлерине ийгилик алып келет деген ишеним бар. Бул ырым жүздөгөн жылдар илгери башталгандыктан, дарактан байыркы тыйындарды да табууга болот. Байыркы заманда кудайдын руху даракта  жашайт деген ишеним  болгондуктан даракты ар кандай белектер, таттуулар менен кооздошкон.

Бул ырым биздин күнгө арчаны кооздоп, Жаңы жыл тосуу иретинде сакталып келүүдө.

Туристтик менеджер Мериг Жонстун айтымына караганда: «биз алгач тыйындар капталган мындай жыгачты көргөндө өтө таң калганбыз. Иликтөөлөрдөн кийин бул дарак “каалоо-тилек дарагы” экенин аныктадык. Адамдар бул дарака тыйын кадасак оорудан айыгабыз деп ишенишкен. Ал эми ким тыйынды кайра алса оору ошол кишиге өтөт деген ырым-жырым бар болгону үчүн аларга эч ким тийишкен эмес. Бизде бул ырым элге жарнамаланбайт, бирок эл унута элек”,- деп билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости