www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турмушка чыкканыма 10 ай болду. Беш жумалык боюмда бар. Жигитим менен 8 ай сүйлөшүп, турмушка чыккам. «Сүйүүнүн көзү сокур» дегендей, биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө эч нерсени элес албаптырмын. Эми баарын билип, бармагымды кырча тиштеп отурган кезим. Күйөөм клей жыттайт, баңгизат колдонот. Үйлөнгөнүбүзгө бир ай болгондо бул адаттарын билдирип баштады. «Качантан бери?» десем, «11-класстан бери» дейт. Көп жолу милицияга түшүп, кайра чыгыптыр. Кайненем болсо «бул адаттары сен келгенден бери башталды» дейт.

"Жалгыз уул" деп апасы аябай көзүн карайт. Бир да ишти өтөсүнө чыгып аткара албаганын эми байкадым. Ичим туз куйгандай тызылдап ачышат. Ыйлагым келет. Буулугам. Бул үйдөн карманаар, сүйүнөөр эч нерсе таппайм. А ичимдеги ымыркайым күн санап чоңоюп келет. Ата-энеме айтып, алардын жүрөктөрүн ооруткум келбейт. Тагдыр деген ушул экен. Ата-энем сунуштаган канча жигитти чандым... Коркунуч менен басмырлоо күн санап күч алып, эми жаным жай албай чабалактап, күңүрт, арты караңгы, коркунучтуу күндөрдө жашап жаткан кезим.

Нурайым

Булак: "АЗИЯnews"

 

Последние новости