www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Инвестицияларды коргоо боюнча Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мыйзамды кароо учурунда сиз чуулгандуу түрк ишкери тууралуу суроо бердиңиз. Ошондой компания кандайча тендерди утуп алды экен?
– Кыргызстанда жүздөгөн түрк ишкерлери иштейт. Албетте, Түрк мамлекетинин жардамы Кыргызстан үчүн аябай маанилүү. Бирок, ошого карабастан, келишимдерге кээ бир колу таза эмес ишкерлер аралашып калган учурлар арбын. Мисалы, «Чакыр Япы» компаниясы курган Тараз – Талас – Суусамыр жолу боюнча чоң маселелер бар. Тараз – Талас – Суусамыр жолуна ал подрядчик болсо, Ош – Баткен – Исфана жолуна субподрядчик болуп кирген дагы, көптөгөн кыргыз фирмаларынын кызматын пайдаланып, акчасын төлөбөй качып жүрөт. Бул боюнча транспорт министрлигине кайрылуулар болгон. Кайсы бир компаниянын репутациясы жаман болсо, алардын кийинки тендерге катышканга акысы жок. Ошондой жобо бар. Ошого карабай булар Таластагы жолду да утуп алып жатышат. Маселе ошондо болууда. Ишкерлер айласы кеткенде бизге кат жазып атышпайбы, «ушундай фирма акчабызды бербей жүрөт» деп. Мен депутат катары транспорт министрлигине каттар менен кайрылгам. «Биз сүйлөштүк, акчасын төлөп берет» деген жооптор бар, бирок, бүгүнкү күнгө чейин натыйжа жок. Эми азыр такыр жок алар. Тараз – Талас – Суусамыр жолунда эмне болуп атканын толук билбейм, бирок, Баткен жолуна аябай көп из калтыргандыгы белгилүү.
– ЖМКларга жарыяланган маалыматтар боюнча ал компания буга чейин Өзбекстанда ызы-чуу болгон экен. Ушундан улам суроо туулат: бизде тендер өткөрүп жатканда талапкерлердин мурдагы өтмүшүнө кызыгып көрүшпөйбү?
– Сөзсүз кызыгыш керек. Изилдениши зарыл. Мындай талап бар. Бирок, эмне үчүн мындай болуп атканы түшүнүксүз. Өзбекстан эмес, өзүбүздөгү ишкерлерге акы төлөбөй жүргөнүн көрүп туруп деле берип коюп атпайбызбы.
– Анда көз жумду мамиле бар турбайбы?
– Бар. Ошон үчүн тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө суроолор көп.
Керим Мурас
Булак: "АЗИЯnews"