www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шамалымды сөкпөсө, күрүчүмдү төкпөсө...Энем айтып калаар эле. Нандын күкүмүн таштандыга таштабагыла. Тиги дүйнөдөн төөнүн үстүнө мингизип туруп нандык күкүмүн тер дейт экен. Ошондо кантип эңкейип, эңип тересиң деп... Мен болсо короого кирип алып тосмо кылып тосуп койгон тегерек устунга төшөк салып ээр токумдай арчындап байлап, минип алып койдун корголун эңип машыгат элем... Апам мени тарбиялаш үчүн айткан нерсеси, алы жетпеген акыретчил дегендей эле кеп экен да...

Атам 1916-жылдагы Кытайга үркүп баргандарын, андагы айылдашы 14 жашар алмончоктой татынакай кызын бир мүшөк талканга алмашканын айтып боздоп ыйлаар эле... Анан согуш жылдарында буудай менен арпага жетпей машак терип калганбыз деп ачарчылыктын күндөрүн эстеп айтса мага жомоктой сезилээр эле. Себеби, арпа нан эмес арпанын өзүн короодогу чекир кара кашка тай жебей турса мен ошолордун арпага жетпей ачка болгонуна ишенмек белем...

Анан атамдын ишенген СССРи чачырап, ишенген коммунисттик партиясынын таш-талканы чыгып, жаралганда союзун жалмап түшкөн жаңы муун келди. 1990-жылдан баштап колхоздун чогултканын бат эле талап кеттик. Малдын баарын түтүнгө бөлүп алдык. Анан бир койду бир литр спиртке алмашып жыргап ичтик. Арак менен шерине ойнодук. Бекер келген койдун куурдагы менен кошуп койго алмашкан Кытай спирти биздин ден-соолука кошуп жашоону талкалады...

Анан темселеп нанга жетпей жүрүп аракты карызга алып ичтик. Ошондо түшүндүм. Атамдардын чын эле арпа нанга жетпей калганын. Үркүн менен улуу ата-мекендик согушту көрүп анан элдин жашоосу оңолгон кезде сокур болуп калган атам болсо, силерге сооп болду. Арпа менен буудайды ыргыштап малыңар жебей калганда ушунун кесири качан башыбызга тийээр экен деп ойлочу элем.

Мына эми чыдап көтөргүлө деп насвайын ээгине салып тунжурап отуруп калаар эле... Анан ал учур бат эле өтүп кетти. Кайра куруу, дыйкан чарба деп тытынып иштей баштадык. Кытай ачылып соода менен кошо адидас менен монтана кийип, түрктөрдүн " Love is..."-деген сагызын чайнап чыга келдик...

Эл байыды, жалкоолор менен жатып ичээрлер жарды болуп итке минип, ичкиликтин түбүнө түшүп кеткени болду. Арактын азап экенин түшүнүп, кутулуунун жолу динде экен деп, жапырт молдо боло баштады. Эки кишинин бири көзү ачык болуп эле камчы көтөрүп, ак чүпүрөк 41 таш ороп төлгө тартып, көздү жумуп эле арбактарды чакырып деги койчу өзүнчө бир керемет жашоо башталды. Же арбактарды биз алдадыкпы же арбактар бизди алдадыбы билбейм кайра бакшылар катардагы адам болуп калышты. Анан эми кайра жакшы заманга жетип, төрөлсөң да, өлсөң да, кыз берсең да, аял алсаң да жада калса машина алсаң да балаңдын чочогун кестирсең да, той бермей. Чочок кесип бала отургузган сүннөт. Колтук менен ашыкча чыккан кылдарды алган өзү сүннөт. Эми колтугумдун жүнүн кырдым деп той бербесек экен деп ойлоп койом. Той эле болуп турсун. Эч каршылыгым жок. Болгону ашыкча чыгым менен кошо мактануу, биринен бири өткөн жарышуу...куданы түштөндүрүүгө кеткен чыгымга эки жашты Америкага окууга жиберсе боло турган чыгым...жеп-ичкен жагынан деле жарышабыз. Илим билим, китеп окуу жана ыйман жагынан жарышмак тургай ойго да келбейт.

Ысырап деп какшаган менен айткан ооз, ыйлаган көз жаман болуп кала бермей. Мен болсо Кудайдан тиленем. Ушул ысырап, ушул кесирлерибиздин баары айланып башыбызга тийгенде жок дегенде тынч өтүп кетсе экен деп. Себеби, мурун көзү ачыктар менен бакшылар чыккан болсо азыр жалган Кудайлар чыгып чыныгы Кудайдын каарына калып жүрбөсөк экен. Ээ чыныгы жараткан Аллах, чыныгы биз ишенген Кудай, биздей кесирлүү пенделериңди кечир! Нан менен тамак-аш тургай адамдын кадырын билбей тебелеп жаткан бизди кечир!

Энебиздин кадырын билбей, аялдарыбызды, кыздарыбызды коргой албай жаткан мага окшогон шым эле кийип жүргөнүбүз эркектик касиетибиз жоголуп бараткан эр жигиттерди уйкусунан ойгот. Болбосо тентип жумуш издеп балдарын таштап "Мигрант"-деген аты эле болбосо мекенин таштап, акча издеп жүргөн бир туугандарыбыз аман-эсен кайтып келишин насип кыл. Элди журтту бакканга мамлекетти сактаганга бизге мүмкүнчүлүк бер. Мигранттардын кыйналып тапкан акчасын той өткөрүп чачып салып,акча сал деп карап отурган бизди кечир! Кесирибиз башыбызга тийген кезде жеңил кыл. Башчыларыбызга эмес, элибизге ыйман бер. Эл ыймандуу болуп акыйкатты түшүнгөн кезде чыныгы башчыны шайлап алат. Анткени,коом кандай болсо ошого жараша башчы болот деген экен пайгамбарыбыз.

Демек, Биз өзүбүз татыктуу коом болушубузду насип кыл. Асман жерден келген кырсыктан сакта,куру доомат жалаадан сакта. Элибизге ыйман,ынтымак,адал ырыскы бер. Кыргыз каганатын курууну бизге насип кыл. Чын жүрөктөн тилейм. Кыргызымды, мамлекетимди, мекенимди сүйүүнү баарыбызга насип кыл. Мен сиздерди сүйөм урматтуу кыргыз элим. Биз баардык кыйынчылыкты жеңебиз. Биз улуу элдин урпактарыбыз, деп ой-толгоосун жазган  Жамалбек Ырсалиев өзүнүн социалдык баракчасына.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости