www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-көлдүк тургун Кумтөрдүн кайра иштетүүчү ишканаларынан чыккан кара түтүнгө көңүл бурду. Ал тийиштүү мамлекеттик органдарды ал жерде иш алып барган компанияларды текшерүүгө чакырды.

Кумтөр кенинде иштеген компаниялар айлана-чөйрөнү сактоонун талаптарын бузууда деп шек санагандар бар. Эрежелердин сакталбай калганына тийиштүү мамлекеттик органдардын  көңүлүн буруу үмүтү менен жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев  айылынын жашоочусу кайрылган.

Маалыматка караганда,  Кумтөрдүн аймагында технологиялык кайра иштетүүдөн кийин чийки заттан калган көмүр чаңын кайра иштеткен «Фортуна плюс» ЖЧКсы жана Усубалиев жеке ишканасы иш алып барат.

«Көмүр чаңын кайра иштетүүдө колдонулган жабдыктардын бири өтө көп, зыяндуу заттарды да чыгарышы толук мүмкүн. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги, Госэкотехинспекция жана ЭКККМК бул ишканаларды текшерүүгө алса жакшы болмок», -дейт арыздануучу.

Мындан сырткары, ал экология маселеси жакын жашаган аймактардын бардык жашоочуларынын кызыкчылыктарын козгоорун белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости