www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарых боюнча лотореядан эң көп суммадагы акча утуп алган Джек Уиттакер, мындан 16 жыл мурун укмуштуудай байлыкка ээ болгон. “Асмандан түшкөн” 314 млн доллар кантип коротулганы тууралуу Life.ru сайтына шилтеме жасап NUR.KZ порталы жазып чыкты.    

2002 жылы 314 миллион доллар өтө көп акча болуп саналган. Лотореядан жолу болгон азамат сумманы алаары менен, билет саткан дүкөндөгү кассир кызга үй менен жеңил унаа алып берген. Албетте, өзү жашаган айылга бул жаңылык дүң болуп тараган соң, айыл тургундары Джектен кайрымдуулукка деп акча сурай башташкан.

2003 жылдан бастап ал түнкү клубтарга бат-баттан барып, убакыт өткөн сайын өзүнө-өзү кароону коюп, кейпи келишип, жүдөп кетет.

“Кийими жыртылып, кир баш кийими менен жүрө берчү. Анан дагы “Мен Джек Уиттакермин. Менин айтканымдын баарын аткарсыңар... Менин акчам Кудайдан да көп” деп айта берчү,”- дейт клуб кызматкери.

Көп убакыт өтпөй унаасына ууру түшүп, жанында алып жүргөн жарым миллион долларын уурдап кетишет. Джек менен чогуу жашаган жалгыз небереси Бренда байлыкка мас болуп, баңгизатына берилип кетип, 2004-жылы көз жумат. 2009-жылы Бренданын апасы да өзүнүн жанын кыйган. Ал эми 2016-жылы аталган үй-бүлөнүн үйү өрттөнүп, толук бойдон банкрот болушат.

Джектин мурунку түгөйү лотереядагы утуш жашоолорун күл-талкан кылганын айтат. Баарына кошуларын билдирген Джек да бул нерсени жашырбайт.

“Неберем акча үчүн каза болду. Ал жашоомдун маңызы болчу. Жубайым ошол утуш чыккан билетти жыртып таштамакмын деп кейийт. Мен да ошентмекмин,”- дейт Джек Уиттакер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости