www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунда өгөй кызына сексуалдык мүнөздөгү ыпылас аракеттерди жасап, кумарын кандырып жүргөн 35 жаштагы Г.Расулбек (ысымы өзгөртүлдү) 20 жылга камалды.

Соттун маалыматына караганда, Расулбек убактылуу иштебейт, мурда соттолгон эмес. Кылмыштарын жасаган учурда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө жашап жүргөн. 2010-жылы Ф.Альбинага (аты өзгөртүлдү) баш кошуп, экөө 3 балалуу болушкан. Аялынын биринчи никесинен 2006-жылы туулган Н.Наргиза (аты өзгөртүлдү) аттуу кызы болгон.

Наргиза 2015-жылдан тарта апасы жана өгөй атасы менен чогуу 1 бөлмөлүү үйдө жашай баштаган. Июль айында аялы Альбина Ош облусуна дарыланууга кеткен. Расулбек аялынын жоктугунан пайдаланып, түндө башка балдары менен чогуу уктап жаткан Наргизаны ойготуп, сыра (пиво) ичүүнү сунуштап, ага 4 чыны сыраны зордоп ичирген. 9 жаштагы кызды алдап, момпосуй берип, андан кийин кийимдерин чечип, жыныс мүчөсүн сандарына тийгизип (кыздын жынысына мүчөсү кирген эмес), ыпылас аракеттерди жасаган. Эгер бул жөнүндө апасына билдирсе экөөнү тең өлтүрүп саларын айтып коркуткан. Андан кийин Расулбек байпагы менен уруктугун арчып тазалап койгон. Өгөй ата мындай ыпылас аракеттерин 2015-жылдын июль айынан 2018-жылдын апрелине чейин жасап жүргөн. 2018-жылдын апрелинде Расулбектин жубайы Альбина кызын зордуктоого болгон аракетти өзү көрүп калган. Күйөөсү үйгө 1-апрелде түндө келип, Наргиза жаткан тарапка өткөн. Чечинип ыпылас иштерди жасамак болгон учурда жубайы ойгонуп кетип, көрүп калган.

Расулбек сотто күнөөсүнүн айрымдарын мойнуна алып, башында эле өгөй кызынын алар менен чогуу жашашына каршы болгондугун билдирди. 2018-жылы 1-апрелде үйүнө мас болуп келип, 1 бөлмөлүү үйдүн бошураак жагына барып жатууну каалаган. Өгөй кызына сексуалдык аракеттерди мас абалда болгон учурда жасаганын мойнуна алды. Расулбек тергөөгө мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, аларды мойнуна «алдырышкандыгын» билдирди. Ал сотко кайрылып, катаал жаза бербөөнү өтүнүп, жубайынан кечирим сурап, экинчи мындай иш кайталанбасын билдирген. Тергөөнүн материалдарынан Расулбек сурак учурунда Наргизаны көргөндө эмоциясын токтото албай, сексуалдык аракеттерге баргандыгын айтып бергени белгилүү болду.

Сотко катышып отурган тергөөчү дагы ага көрсөтмөлөрдү эч ким мойнуна алдырбагандыгын, мунун баары видеотасмага тартылгандыгын билдирди.

Альбина сотто Расулбек Наргизанын алар менен чогуу жашоосуна чын эле каршы болгондугун айтты. 2015-жылдан бери болуп келе жаткан ыпылас иштерди кызы ага 2-апрелде айтып берген. Андан кийин ал балдарын алып, Бишкекке баса берген. Шаардан милицияга арыз жазган. Ал кызынын психикалык абалы канааттандырарлык экендигин айтып, азыр медреседе билим алып жаткандыгын билдирди.

Ал мындан тышкары милицияга арызды ачуусу менен жазганын айтып, ортолорунда 3 бала бар болгондуктан күйөөсүнө эч кандай дооматы жоктугун белгиледи. Альбина күйөөсүнө козголгон кылмыш ишти токтотууну суранган. Ал мындан тышкары баары бир күйөөсү менен бирге жашабай, ажыраша тургандыгын айтты.

Наргиза ыпылас иштер жасалган учурда 5-класста окучу. Ал өз көрсөтмөсүндө өгөй атасы сыра ичиргендигин айткан.

Соттун актында: «Апасы Ош облустук ооруканасына дарыланууга кеткенде түнкүсүн аны уктап жаткан жеринен тургузуп, сатып алып келген сырадан (пиво) 2 чыныга куюп, бирөөсүн соттолуучу (өгөй ата) ичип, экинчисин кызга ичирген. Жалпысынан 4 чыны сыра ичирген. Ичпейм десе кыйкырып, «ичип кой, башка ичпейсиң» деген. Ал сыраны ичкенден кийин «тынч жат» деп айткан. Ал жатканда кийимдерин чечип, андан кийин шкафтын ичинен момпосуй алып берген. Соттолуучу чечинип жанына жатып, кыздын арт жагына, эки санына өзүнүн жыныстык мүчөсүн өйкөгөн. Ал коркуп жатканда соттолуучу «апаңа айтпа, айтсаң экөөңдү үйдөн кууп жиберем, бычак менен өлтүрүп салам» деп коркуткан. Жыныстык мүчөсүнөн ак суюктукту агызып чыгарып салып, жынысын байпак менен арчып, ал байпакты ага берип, «сандарыңды арчып ал» деген. Байпакты үйдүн бир бурчуна койдуруп, «эртең менен туруп жууп кой» деген. Ал өзүнүн ыпылас аракеттерин көп жолу кайталап жүргөн. Өзүнүн суюктугун ар кандай материалдар менен арчытып, колдонулган материалдарды жуудуруп жүргөн.

2018-жылдын 1-апрелинде түндө апасы үйүндө балдарын карап уктап жатканда соттолуучу бөлмөгө кирип, апасына билгизбей кызга «сыртта мен сени күтөм, чыккын» деп айткан. Ал чыкпай жатып алса, «эмне чыкпадың» деген. Кыз чыкпай жатып алганда шектүү үйгө кирип, анын жанына бара жатканда аялы байкап калган. Эртеси кызынан сураганда апасына баарын айтып берип, алар Бишкек шаарына кетишкен», - деп айтылат.

Райондук сот иштин материалдарын карап чыгып, 2018-жылдын сентябрында Расулбекти 20 жылга эркинен ажыратты.

Булак: "Турмуш"

Последние новости