www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Мен башынан эле доллар менен мультимиллионер болчумун” деп мактанганды “өл-лө” жактырат. Ал бирде Түркиядагы бизнесинин акцияларын 45 миллиард лирге сатып (ошол кездеги курс боюнча - 29 миң доллар) миллионер болгом десе, бирде китептерди жүз миңдеген нускада басып чыгарып сатуу менен миллионер болгонун айтып келет.

Бирок, бул экөө тең анын миллионер болгонуна эч кандай негиз болбогонун экономисттер далилдеп коюшту. Себеби 45 миллиард лир ал кездеги курс менен болгону 29 миң доллар болгон экен. Ал эми жүз миңдеген китепти сатканын эсептеген Атамбаевдин эсепчилери ал китептерди басып чыгаруу акысы, аны даярдагандардын эмгеги, транспорттук чыгымы, салыгы сыяктуу чыгымдарды таптакыр эстерине алышкан эмес. Ошолордун баарын эсепке алганда Атамбаев китеп сатуудан ошол өзү мактанып жүргөн алгачкы “мерседесин” гана сатып алган болушу мүмкүн. 

Анда анын байып кетиши эмнеден башталган? Ушул суроого жооп алыш үчүн адабиятчы, А. Акаевдин убагында Мамлекеттик катчы кызматын аркалаган Осмонакун Ибраимовдун маалымат булактарынын бирине курган маегинен үзүндүнү келтирели: 

“Биз Чыңгыз Айтматовдун арты менен Атамбаев төрөлгөн Арашан айылына эң сонун жазуучулар үчүн эс алуу үйүн түзгөнбүз. Атамбаев жазуучулар союзунун катчысы- адабий фонддун төрагасы (Литературный фонд) катары аны башкарган. Анан мен чоң саясатка кеттим. Ошондон кийин биздин эс алуу үйүбүздөн болгону бир нече бөлмө калганын, калганынын баары Атамбаевдин жеке менчигине айланып калганын билдим. Мындан сырткары бизде Токтогул менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эң сонун ресторан болгон. Ал дагы Айтматовдун эмгеги менен болгон. Жакшы жерде, шаардын борборунда болчу. Жазуучулар ал жерден кымыз, айран, бозо ичип турсун деген ойдо ачылган. Анан ошол ресторан да Атамбаевге өтүп кетти. Жазуучулардан ушундай эс алуу үйүн, ресторанын тартып алуу жакшы көрүнүш эмес”. Бул албетте ачуу чындык. Атамбаев мына ушундай баскынчылыктарына катуу наразычылыктар жаралбашы үчүн аттуу-баштуу анча-мынча акын-жазуучуларга айына 1000 сомдон стипендия берип койчу экенин да О. Артыкбаев билдирет.

Анан ал аттуу-баштуу акын-жазуучу агаларыбыз А. Атамбаевди колдоп, мактап коюп турушкан. 

Бирок, анча-мынча акын-жазуучуларга стипендия берилгени менен калган акын-жазуучулардын баары өздөрүнүн эс алуу үйүнөн, ресторанынан ажырап калганын унута элек. А. Атамбаев мына ушул мүлктөргө ээ болуу менен өзүнүн байып алуунун алгачкы пайдубалын кура баштаган. Мындай кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берсе деле бир топ киреше түшө турганы баарыбызга белгилүү. 

Демек, А. Атамбаев эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң алгачкы рейдерлердин бири болуп атабы?

Булак: "Чыркыраган чындык"

Последние новости