www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-энелер “балага сүйүнчү” жөлөк пулун ала алышпайт. Бул тууралуу 24.kgге окурман билдирди.

Анын айтымында, ноябрь айынын аягында наристе төрөлүп, 15-декабрда ата-энеси жөлөк пул алуу үчүн арыз берген.

«Калкты тейлөө борбору үч күн күткүлө деп айтышкан, 10 күн өттү, бирок арыз дагы эле кароодо. Бюджетте акча жок, январды күткүлө дешти. Бул каражаттарды бөлүштүрүүгө ким жооптуу? Жөн эле кайдыгер мамиле. Жөлөк пулдун суммасы аз, 2018-жылдан бери баалардын өскөнүнө карабай, жөлөк пул көтөрүлгөн эмес. Ал эми азыр такыр берилбей жатат», - деди ал.

Эске салсак, «балага сүйүнчү» 4 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку жөлөк пул. Ал бардык жаңы төрөлгөн ымыркайларга берилет.

Булак: 24..kg

Последние новости