www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун, Сауд Арабияга сапары убагында өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушу боюнча ооз ачпагандыгы нааразылык пайда кылды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун, Сауд Арабияга сапары убагында журналист Жемал Кашыкчынын өлтүрүлүшү сыяктуу өлкөдөгү адам укуктарынын тебелениши боюнча фактыларга токтолбошу сынга кабылды.
Кашыкчы кылмышынын жооптуусу экени айтылып жаткан мурас корканзаада Мухаммед бин Салман менен болгон жолугушууда Майк Помпео Сауд Арабиядагы адам укуктарынын абалын талкуулагысы келбегендей.
Адам укуктарын байкоо уюмунун өкүлү Андреа Прасов «(Трамптын бийлиги) Мухаммед бин Салманды колдой турганын ачык көрсөттү...Мухаммед бин Салмандын, эмне кылса кылсын АКШнын мамилесинин өзгөрбөй турганын ойлоосу үчүн бекем себептери бар», - деген пикирин айтты.
Адам укуктарын коргоону көздөгөн уюмдар жана мурдагы өкмөттүн жооптуу кызматкерлери, Сауд Арабиянын,көптөн бери адамукуктарын бузган өлкө экенине, бирок Мухаммед бин Салман мезгилинде кысымдардын, камоолордун жана кыйноолордун артканы боюнча маалыматтарга көңүл бурууда.
Булак: NazarNews.kg