www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 16-январында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын сот-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Бузуулар жөнүндө, Пробация жөнүндө Кодекстеринин негизинде Тамчы, Тору-Айгыр, Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой, Чолпон-Ата, Бостери айыл аймак башчыларына, жергиликтүү кеңештер менен бекитилген Бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана Бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына аталган жаңы мыйзам боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окутуулар башталды.

Эскерте кетсек, жогорудагы жаңы мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жана окутуулар 2019-жылдын 17-январында саат 14.00дө Кумбел, Темир, Садыр-Аке, Кожояр, Ананьево, Жаркынбай жана Өрүктү айыл аймак башчыларына жана түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө жүргүзүлөт.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости