www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) 29-апрелде, Кытайдагы мусулмандардын абалына өзгөчө көңүл бурулган дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги тууралуу баяндамасын жарыялады.

Кытайда бийлик мусулмандарга карата туруктуу катаал тартибин орнотконуна 2 жылдан ашты. Алар мусулмандарды такай аңдып, телефондорунан бери тинтип, атүгүл ДНКсына чейин текшерүүдө.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, 2017-жылдан бери Шиңжаңда 800 миңден 2 миллиондон ашуун мусулман лагерлерге мажбурлап кармала баштаган. Анын ичинде уйгурлар, казактар, кыргыздар жана башка мусулмандар бар.

АКШнын маалыматында, башка мамлекеттердин сындоосуна кабылса да, Кытай “кың” деп койбогону да жазылган.

Кытай  чет мамлекеттердин алдында, өзүнүн саясый лагерлерин “элди агартуучу, тарбиялоочу борбор” деп атап алган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости