www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин 141-жылдыгын белгилөөгө шаардык бюджеттен 1 млн. 900 миң сом бөлүнгөн. Анын басымдуу бөлүгү музыкалык аппаратурага жана фейерверкке коротулган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

Анын айтымында, жогорудагы сумма  чет өлкөлүк ырчыларды майрамдык иш-чарага чакырууга жумшалган эмес. Ал, Бишкектик  айрым байларынын  шаардыктарга сунган белеги болгон.

Шаар күнүн майрамдоого Орусиядан «Ялла» тобу жана ырчы Согдиана Федоринская чакырылган.

Шаар күнүн майрамдоо үчүн аянтта миңдей милиция кызматкери коомдук коопсуздукка көз салып, «Тез жардам» жана өрт өчүрүү кызматтары да нөөмөттө болду.

Бирок, шаардын чет жакасындагы жаңы конуштарда жашаган тургундар,  майрамдын «азабын» тарткандыгын айтып даттанууда. Себеби, жолдордун жабылышынан улам жаралган тыгындан, каттамдар азайып, үйлөрүнө кете албай сааттап жолдо саргайып турганга мажбур болушкан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости