www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамптын Иранга карата аскердик аракеттерди көрүү боюнча ыйгарым укуктарын чектеген резолюцияга добуш берилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери, демократ Ненси Пелоси президент Дональд Трамптын Иранга карата аскердик аракеттерди көрүү боюнча ыйгарым укуктарын чектеген резолюция добуш берүүгө чыгарыларын жарыялаган. Анын айтымында, резолюция 30 күнгө Трамп Конгресстин макулдугу жок Иранга карата аскердик операция баштоого тыюу салат. Демократтар мындай резолюциялар аркылуу АКШ президенти Дональд Трамптын Иранга байланыштуу акыркы чечимдерин көзөмөлгө алууга аракет кылышууда.
Эске салсак, мындай чечимге Трамптын Касем Сулейманини жана Ирактын куралдуу күчтөрүнүн орун басарын, мындан тышкары 10дон ашык кишилерди Багдадда өлтүрткөндүгү себеп болду. Иран бул окуядан кийин АКШны "өлкө эгемендигине шек келтирди, эл аралык укуктарды жана нормаларды бузду" ,-деп айыптап, Ирандын аскердик стратеги, тышкы саясатынын идеологу болгон Касем Сулейманини Трамп өлтүркөндүгү үчүн жооп берерин эскертишкен.
Бул окуя АКШ менен Ирандын мамилесин кескин чыңалтып, ар кыл кооптонууларды жаратууда. Демократиялык партиянын бир катар лидерлери Дональд Трамптын Сулейманини жок кылуу боюнча буйрук беришин сынга алып чыгышкан.
Булак: NazarNews.kg