www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда Австралиядагы өрт кырсыгы дүйнө жүзүнүн көңүл чордонунда турат. Апаат сентябрь айынан бери тынымсыз уланууда. Төмөндө Австралиядагы кырсык боюнча акыркы маалыматтар менен тааныша аласыз.

•  Эң оор кырдаал Виктория жана Жаңы Түштүк Уэльс штаттарында орун алган. Анда 1400дөн ашык үйлөр күйүп кеткен.
•  Өрттөн 25тен ашык адам каза болуп, ондогон кишилер дайынсыз жоголгондугу маалым болду. Миңдеген адамдар деңиздеги кайыктарга отуруп, жардам күтүүдө.
•  Жарым миллиард жаныбар өрттүн кесепетинен кырылып, коала жана кенгурулар өзгөчө жапа чегүүдө.
•  Өлкөнүн айрым региондорунда электр энергиясы, интернет жана телефон байланышы үзүлгөн.
•  Синоптиктер алдыдагы үч апта ысык аба ырайы менен коштолушун кабарлашты.
•  Өрт өчүрүүгө үч миң өрт өчүрүүчү кызматкерлер, техникалар болгондугу менен алардын алы жетпей жатат.. Кошумча жардам тартуу иштери жүрүүдө.
•  Өрттүн кесепетинен Автралиядагы аба ырайы 48 градус ысыкка жетти
•  Кара түтүн Австралиядан сырткары Түштүк Американын жээктерин жана Чилинин асманын каптап калган. 
•  Австралиянын башкы чиновниги Скотт Моррисон өрт бүтүндөй провинция күйүп жаткан учурда эс алууга чыгып кеткендиги үчүн дүйнө коомчулугунун нааразычылыгына кабылып, кескин сындарга себеп болду.

Австралия бийлиги миллиарддаган долларын өрт апааты менен күрөшүүгө бөлүүдө. Буга дүйнө коомчулугу да кайдыгер карабай ар кандай чакырыктар менен биригүүгө аракет кылышууда. Муну эксперттер “Өрт менен согушуу” деп аташууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости