www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын күчтөрү Ооганстандын Газни провинциясында кырсыктаган учактын бортундагы адамдардын сөөгүн тик учак менен алып кетти. Бул маалыматты америкалык жана ооганстандык расмий өкүлдөр ырасташты.

Маалыматка ылайык, Кошмо Штаттардын аскерлери сөөктөрдү тик учакка жүктөп жатканда айлана-тегеректи ооган коопсуздук күчтөрү кайтарып турушту. Ага чейин ооган аскерлери учак кулаган аймакка бара жатканда "Талибан" кыймылынын жоочулары менен кагылыша кеткени кабарланган.

Газни провинциясынын жергиликтүү кеңешинин башчысы Насир Ахмад Факири америкалыктар аймактан кеминде эки адамдын сөөгүн алып кетишкенин айтты. АКШнын Коргоо министрлигиндеги атын атабаган бир булак 28-январдагы операцияны ырастап, каза тапкандардын тек-жайы такталып жатканын айтуу менен гана чектелди. Азырынча Пентагон расмий маалымат бере элек.

27-январда АКШ армиясы "Bombardier E-11A" учагы Газни провинциясынын Дех Як районунда кыйрап түшкөнүн ырастап, бирок аскердик учакты "талибдер атып түшүрдү" деген маалыматты четке каккан.

Учак кырсыгы Вашингтон Ооганстандагы 18 жылдан ашкан согушту токтотуу үчүн "Талибан" кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда орун алды.

Последние новости