www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын, 27-январда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагындагы (Парламентиндеги) Борбордук Азия тобунун Төрагасынын орун басары Андрэ Хандын жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз-герман парламенттер аралык жана регионалдык кызматташууну кеӊейтүү маселелери талкууланды.Министр Ч.Айдарбеков экономикага басым кылуу менен өз ара аракеттенүүнүн бардык спектрлери боюнча мындан ары кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Экономиканын түрдүү тармактарында кызматташуунун чоң дарамети бар экендигин баса белгилеп, Германияда жашаган кыргызстандык этникалык немистердин бул процесске жигердүү катышуусуна үмүт артты. Өз ара аракеттенүүнү бекемдөө максатында жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштурууну сунуштады. А.Хан Кыргызстанда парламенттик демократия ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи жана кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташуунун алкагында мындан аркы ийгиликтүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости