www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон Кичи жана орточо аралыктагы ракеталарды колдонбоо тууралуу келишимди үзөрүн Москвага жакын арада кабарлайт. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары Дональд Трамптын администрациясындагы булактарга таянып жазып чыгышты.

Аталган келишимге Михаил Горбачев жана Рональд Рейган 1987-жылы кол коюшкан. Маалыматка ылайык Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул тууралуу Владимир Путинге Москвадагы жолугушуу учурунда кийинки жумада кабарлайт.

АКШ буга Орусиянын келишимде макулдашылган шарттарды бузганы себеп болууда деп билдирүүдө. Алардын айтымында Орусия Европада кичи аралыкта учкан өзөктүк жардыргычтарды ташый ала турган ракеталарын жайгаштыра баштаган.

Эки жума мурда АКШнын коргоо министри Жим Мэттис НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен жолугуп жатып, эгер Орусия мындай иш-аракеттерин токтотпосо, Вашингтон орусиялык ракеталарга каршы чараларды көрө турганын билдирген.

Булак: "Азаттык"

Последние новости