www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи райондук соту мас абалында чуу чыгарган кыздын кылмыш иши боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

2018-жылдын 6-июнунда болжол менен түнкү саат 04:00дө айыпталуу мас абалда шаардагы барлардын биринин кире беришиндеги эшигинин айнегин сыранын бөтөлкөсү менен сындырып, 10 000 сомдук көлөмдөгү чыгым келтирген. Кыздын айтымында, 6-июнда курбусу менен түнкү клубдардын биринен жолугуп, спирт ичимдигин ичишкен. Болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында башка клубка барышкан. Ал жерден дагы спирт ичимдигин ичип, андан соң эмне болгонун билбей калган. Кийин ага видеокөзөмөлдөн клубдун эшигинин айнегин кантип сындырганын көрсөтүшкөн. Ал соттон эркиндигинен ажыратпоону өтүндү.

Бардын администратору өз көрсөтмөсүндө: «5-июнда болжол менен саат 19:00дө жумушка чыккам. 6-июнда болжол менен саат 01:30да бир кыз өзүнүн курбусу менен келип, спирт ичимдигин ичип башташты. Саат 04:00 чамасында ал жаман сөздөрдү сүйлөп, конфликтке барды. Андан кийин коопсуздук кызматкерлери аны сыртка алып чыгышты. Ошол учурда ал кыз урнадан сыранын бош бөтөлкөсүн алып, аны менен эшиктин айнегин сындырып салды. Биз милиция кызматкерлерин чакырдык», - деди. Ал ошондой эле соттон 10 000 сомдук көлөмдөгү чыгымдын калыбына келтирилишин суранды.

Клубдун коопсуздук кызматкеринин айтымында, 6-июнда болжол менен саат 04:00дө мас абалдагы кардар өзүнүн тартипсиз аракеттерин көрсөткөн. Андан соң, бардын ичиндегилерге сыра куюп, кардарлардын дарегине адепсиз сөздөрдү сүйлөгөн. Мындан улам жогорудагы кардарды коопсуздук кызматкерлери сыртка алып чыгууга мажбур болушкан. «Бирок ал кайрадан клубдун ичине кирүүгө аракет жасады. Биз аны киргизбей койгондо урнадагы бош бөтөлкөнү алып, эшиктин айнегин сындырып салды», - деди ал.

Жыйынтыгында сот ал кызды Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктунун (ээнбаштык, башка бирөөнүн мүлкүнө атайын олуттуу зыян келтирүү, аны жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде күнөөлүү деп таап, 6 айга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратты. Ошондой эле жазасын аялдардын абагында өтөөсү белгиленип, андан жабырлануучулар тарапка 10 000 сом өндүрүлүп берилмей болду.

Соттун бул чечими боюнча социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүүдө. Кээ бирөөлөрү "миллион уурдаганга боштондук, а айнек сындырып алгандар кесиле берсин болдукко", "байкуш кызга жаман болду" дешсе, дагы бирөөлөрү "өзүнө-өзү кылды, ошол керек болчу" деген сыяктуу пикирлерин калтырышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости