www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда алгачкы жолу тирүү клеткадан робот жасашты

АКШнын Вермонт университетинин окумуштуулары алгачкы ирет тирүү клеткалардан робот жасашты. Бул тууралуу чет элдик баслымалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, адистер изилдөөгө баканын түйүлдүгүнүн сөңгөк клеткаларын алышкан. Роботтор жүздөгөн клеткаларды түрдүү фигурага бириктирген суперкомпьютердин жардамы менен жасалып, ксеноботтор деген атка ээ болушту.

500дөн 1000ге чейинки клетканы өзүнө камтыган майда-майда ксеноботтор Петри идишине (медициналык буюм — ред.) батат. Алар өз алдынча кыймылдап, анча оор эмес жүктөрдү ташыганга күчү жетет.

Мындан тышкары, ал бир дагы тирүү организм же органга окшош эместиги айтылат.

"Бул 100 пайыз баканын ДНКсы, бирок бака эмес. Биз баканын клеткаларынан өзүнүн баштапкы анатомиясынан тышкары жаңы тирүү форманы жасоо мүмкүнчүлүгүн көрсөтө алдык", — деп айтышкан илимий иштин авторлору.

 Окумуштуулар алардан пайдалуу кызматтарды күтүп жатканынын кошумчалашкан.

 
 Булак:NazarNews.kg

Последние новости