www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында убактылуу кармоочу жайда 2018-жылдан бери кармалып келе жаткан 43 жаштагы шектүү асынып алган. Бул тууралуу  облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 14-январда катталган. Сөөккө сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын кара жипке асынып алганы жана денесинде так жок экени аныкталды.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн негизинде тергөө жана кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

“Маркум милициянын мурдагы кызматкери болгондуктан, камерада жалгыз кармалып турган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси, "Документтерди мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү мыйзамсыз даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу", "Ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү", "Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизаттарын мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу же жөнөтүү", "Каракчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон”,- деп айтылат маалыматта.

Райондук сот тарабынан кылмышка шектүү жети жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискация болгон. Учурда апелляциялык даттануу Жалал-Абад облустук сотунда каралып жаткан. Ал 2002-2006-жылдары ички иштер органдарында иштеген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости