www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 ЦРУнун Ооганстанда түзүлгөн куралдуу бөлүктөрү аскердик кылмышка тете укук бузууларга барды деп айтылат Human Rights Watch докладында.

Докладдын авторлору бул аскер бөлүктөрү көтөрүлүшчүл топторго каршы күрөшүү үчүн түзүлгөнүн, шектүүлөрдү эч кандай тергөө жана соту жок эле атып салышканын жазууда. Айрымдары болсо таптакыр дайынсыз жоголгон дейт алар. Аскердик топ америкалык авиациянын жардамына таянып турган. Human Rights Watch 2017-жылдын соңунан 2019-жылдын орто ченине чейин болгон ушул сыяктуу 14 окуяны иликтеген.

Би-Би-Си бул боюнча Ооганстан өкмөтүнө комментарий сурап кайрылды. Бирок азырынча жооп ала элек. ЦРУнун Ооган атайын бөлүгүнүн адам укуктарын бузганы тууралуу сындар буга чейин БУУ жана New York Times тарабынан айтылган. ЦРУнун өкүлү Тимоти Баррет чалгындоо кызматы өзүнүн операцияларын мыйзам чегинде өткөрүп келгенин айтып, талибдер эч кандай эрежеге баш ийбей, ооган өкмөтүн колдогондорду жаманатты кылуу үчүн такай пропаганда жүргүзүп келгенин айтууда.

Human Rights Watch Ооганстан боюнча ондогон күбөлөрдү жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарын сурамжылады. Докладда ЦРУнун колдоосуна таянган ооган атайын бөлүгү укук бузганы жөнүндө 14 учур көрсөтүлөт. Атайын аскер бөлүктөрү түндөсү үйлөргө эч кандай эскертүүсүз кирип барып, кишилерди көчөгө кууп чыгып, тинтүүлөрдү өткөргөн. Жарадар болгон талибдерге жардам көрсөткөнү үчүн дарыгерлерге кол салган. Ошондой эле кармалгандарды сураксыз эле атып салганы боюнча далилдер бар дейт уюм. Айрым учурда шектүүлөр кармалгандан кийин ың-жыңсыз эле жоголуп кеткен. Адашып же такталбаган чалгын маалыматтарынан улам кармалып, курмандыкка чалынгандар болгон. Бир жагы "жергиликтүү саясий атаандаштык" дагы болгон деп көрсөтөт докладдын авторлору. Бул сыяктуу операциялардан улам жергиликтүү тургундар арасындагы жоготуулар саны соңку эки жылда кескин өсүп кетти.

Докладда белгиленгендей, ЦРУ америкалык аскер күчтөрүнөн өз алдынча антитеррордук операцияларды өткөрүп келүүдө. ЦРУ куралдуу бөлүктөрдү окутуп, машыктырып бүт Ооганстан аймагы боюнча жөнөтүп турат. 2017-жылдан тарта АКШ мындай аскер болүктөрүнө америкалык аба күчтөрүнөн жардам суроого уруксат берген. Жыйынтыгында калктуу аймактардагы бомбалоонун саны көбөйдү. Укук коргоо уюму ооган өкмөтүнө кайрылып, бул сыяктуу аскер бөлүктөрдү тез арада таратууга жана иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Ооганстандагы согуш чейрек кылымдан бери токтобой келүүдө. Акыркы жылдары кырдаал туңгуюкка кептелди. Өткөн жылы Куралдуу жаңжал болуп жаткан аймактардан маалымат чогултуу долбоору (ACLED) ооган конфликтин курмандыктар саны боюнча дүйнөдөгү эң кандуу деп атаган. Талибдер менен сүйлөшүүлөрдөн азырынча жыйынтык чыкпай келүүдө.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости