www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-ноябрда Айыл чарба, тамак аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлиги TIKA координатордук агенттиги менен биргеликте К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук Агрардык университетинде кооперативдерди колдоо боюнча маалыматтык–консультациялык окуу борбору ачылды.

Борбордун ачылышына Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси  Женгиз Камил Фырат, К. И. Скрябин атындагы улуттук Агрардык университеттин ректору Нургазиев Рысбек Зарылдыкович, КР Өкмөтүнүн аппаратынын Агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Жээналиев Алмаз Жээналиевич, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация минстрлигинин статистикалык-катчысы Ташболотов Максатбек Ташболотович жана түрк элинен келген коноктор катышты.

Түркия мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси  Женгиз Камил Фырат, Кыргыз Республикасы көз карандысыздык макамын алгандан бери Түркия ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келе жатканынын баса белгилеп, бул ачылып жаткан окуу борбору дыйкандардын теориялык жана практикалык билимдерин өркүндөтүүгө зор өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.

К. И. Скрябин атындагы Улуттук Агрордук университетинин  ректору Р. Нургазиев  өз кезегинде TIKA агенттигине ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташтыкты өркүндөтүү тууралуу сунушун айтты.

«Бүгүн айыл-чарба тармагында маанилүү окуя болуп жатат,  Агрардык университеттин демилгеси менен TIKA агенттиги тарабынан окуу борбор ачылды. Бул борбордо Түркия мамлекетинин айыл чарбасындагы тажрыйбаларды колдонуп, дыйкандардын ишмердүүлүгүн жогорулатып, аларга жакшы шарттарды түзүүгө чоң жардамын берет деп ишенебиз . Бүгүнкү күндө  Кыргызстанда 445 кооператив бар, бул өтө аз көрсөткүч, алдыңкы мезгилдерде жер-жерлерде дыйкандар үчүн заманбап окутуу технологиялары менен жабдылган окуу борборлор дагы ачылмакчы»,- деди Айыл-чарба министрлигинин статс-катчысы  М. Ташболотов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости