www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

McDonalds корпорациясы аткаруучу директору Стив Истербрукту кызматкери менен сүйүү мамиле түзгөндүгү үчүн жумуштан айдады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Стив Истербрук кызматчысы менен эки жактуу макулдук менен мамиле түзгөнү компаниянын саясатына каршы келет.   Директорлордун кеңешинин чечими менен Стивдин ордуна Крис Кемпзински аткаруучу директор болду. 
McDonalds компаниясынын юридикалык эрежелеринде кызматкерлердин ортосунда мамиле түзүүгө тыюу салынган. 

Истербрук өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, жетекчилик туура чечим кабыл алганын билдирди. 

Стив Истербрук 2015-жылдан бери корпорациянын аткаруучу директору болуп иштеп келе жаткан. Ал директор болуп турган кезде компаниянын пайызы эки эсе көбөйгөн. Бирок McDonalds'тын Америкадагы кардарлары азайып кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости