www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Роберт Палладино, Министрликте өткөргөн видео тартууга уруксат берилбеген басма сөздү маалыматтандыруусунда айрым темаларга токтолду.

АКШ, «НАТОнун мүчөсү жана ДЕАШка каршы коалициянын маанилүү өнөктөшү, шериктеш Түркиянын чек ара коопсуздугун урматтаганын» билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Роберт Палладино, Министрликте өткөргөн видео тартууга уруксат берилбеген басма сөздү маалыматтандыруусунда айрым темаларга токтолду.

Сириянын түндүгүнө кайсы бир тараптын кол салган учурунда аймакта америкалык аскерлердин да болуу ыктымалынан улам өздөрүн санааркатканын айткан Палладино: «(Түркиянын) Коопсуздук санааркоосуна байланыштуу АКШ менен Түркиянын ортосунда координация жана кеңешүү өткөрүлүшү дагы туура болот»,-деди.

Палладино, Манбиж жол картасын үлгү көрсөтүп, АКШ менен Түркиянын тартиптүү координация жана кеңешүүсүнүн уланганын, активдүү түрдө жанаша билим берүүлөр уланып жатканын айтты.

Катчы орун басары Палладино, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Халебге караштуу Айн Эл Араб районундагы террордук уюм ЙПГ/ПККга таандык буталарды атуусунун себебинен уюмдун ДЕАШ менен согушууну токтото турганын жарыялоосуна карата суроого, «Түркия НАТОнун мүчөсү жана ДЕАШка каршы коалициянын маанилүү өнөктөшү.  Шериктешибиздин чек ара коопсуздугун урматтайбыз»,-деп жооп берди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости