www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи жолу журналистиканын тарыхында журналисттер тарабынан президентке атайын кат куржун даярдалды.
7-ноябрь журналисттердин кесиптик майрамына карата Улуттук басма сөз күнүнө арналган атайын символ деп биринчи жолу “Президентке кат” деген жазуусу бар кат куржун даярдалды. Бул кат куржун президент менен журналисттердин диалогунун жаңы формасы десек болот. Аталган куржунга ар бир журналист кат жазып сала алат. Сунуш жазабы, көйгөй жазабы.. суроо жазабы.. журналисттин эрки. Мына ушул куржунду эки аксакал кесиптешибиз президенттин пресс-катчысына расмий тапшырып берет. Бул процессттердин баары интернеттен онлайн болуп көрсөтүлөт. 2 күндөн кийин “Президентке кат куржун “деген хэштек менен ар бир журналист өз баракчасына жазган катын жарыялайт. Декабрь айында кат жазган журналисттер менен президент жолугуп, каттарга жооп берсе деген демилгени да сунуштап жатабыз.
Урматтуу кесиптештер, биз Кыргызстан деген асманы жарык өлкөдө жашап жатабыз. Биз бактылуу өлкөнүн журналисттерибиз. Мамлекетибиздин эртеңине ..бүгүнкүсүнө күйө турган жүрөгүбүз бар.
Чындык жана объективдүүлүк принциптери бузулду. Жек көрүү, касташуу жана социалдык агрессия күчөдү.
Мына ушул учурда журналистиканын баалуулуктарына кайтып келишибиз керек. Ой тазартуу менен журналист журтчулугу да кадамдарды жасайлы. Ушул кадамдардын бири "Президентке кат куржун " деген аталыштагы акция ... Келгиле... жапа тырмак биримдикке бет алалы...Журналисттердин каты боюнча кесиптешибиз Канышай Мамыркулова иш алып бармакчы.. Мына сиздерге ушул нерсени кабарлап койгум келди.
Сиздерди терең урматтоом менен Элнура Кулуева
Булак: NazarNews.kg