www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Менин атым Кхан" аттуу тасмасы бүт дүйнөнү ыйлаткан..."

Шахрух Кхандын ийгиликтүү ролдору анын Болливуддагы эң суроо-талаптуу актер болушуна алып келет. Жадагалса жылына 5-6 тасмага түшкөнгө үлгүрөт. 2007-жылы "Алга, Индия" тасмасында чөп үстүндө хоккей оюну боюнча кыздар командасын даярдаган тренердин ролун мыкты жараткан. Анын жаңы тартылган тасмаларынын бири - "Менин атым Кхан". Мында Шахрух Аспергер синдромунан жабыркаган мусулмандын ролун жараткан. 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болуп өткөн террористтик кол салуудан кийинки окуялар чагылдырылат, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити.

"Мумбайга көчүп келип багы ачылган..."

Кхан алгачкы жолу актер катары 1988-жылы телеберүүдөн чыгат. Бир нече телесериалдарда ойногон. Болливуд жайгашкан Мумбайга көчүп келгенден кийин киного тартыла баштайт. Алгачкы ролун 1992-жылы "Акылсыз сүйүү" фильминде аткарган. Бул ролу үчүн индиялык кино тууралуу «Filmfare» журналынын мыкты дебют сыйлыгын алган. 1993-жылы "Коркунучтагы өмүр" жана "Өлүм менен ойноо" деген фильмдерде терс каармандардын ролун аткарат. Өч алуу үчүн өзүнүн дос кызын өлтүргөн каармандын ролун аткаргандыгы үчүн «Filmfare» журналынын мыкты башкы роль сыйлыгынын ээси болгон. Экинчи сыйлыгын 1995-жылы «Уурдалбаган келин" фильминдеги ролу үчүн алган. Бул тасма кинотеатрлардан 12 миллиард рупий чогултуп, Индия тасмаларынын эң кирешелүүсү аталган.

"Талант кесип тандабайт..."

Дүйнө жылдызы Шах Рух Кхан быйыл туура 44 жашка толду. Ал 1965-жылдын 2-ноябрында Нью-Делиде туулган. Тутунган дини - ислам. Эжеси Шехназ, атасы Тадж Мухаммад Кхан. Индиядагы белгилүү адвокат Нью-Делиге Пешаварадан Индия болуп бөлүнө электе көчүп келишкен. Апасы Фатима өзү Равалпиндиден болот. Шах Рух Кхан Нью-Делидеги мектептердин биринен бүтүргөн.

1988-жылы Дели университетинин колледжинде экономика адистигинде окуган. Андан соң университеттин магистратурасында "Массалык коммуникация" адистигин бүтүргөн. Бирок актёрлук кесипти жактаган. Ата-энесинин өлүмүнөн кийин, 1991-жылы, Мумбайга көчүп келген. Ошол эле жылы 25-октябрда Шах Рух индус кызы Гаури Чибберге үйлөнөт. Экөө 1997-жылы 13-ноябрда Арьян аттуу уулдуу болушат, 2000-жылы 23-майда Суханна аттуу кыздуу болушат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости