www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкүгө караган түнү Бишкек - “Манас” аэропорту унаа жолунда Volkswagen Passat унаасы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу маалымат жазган күбө сүрөтү аны менен кошо Telegram каналга жүктөдү. 

Бул маалыматты Чүй облусунун ИИББинин басма сөз кызматы тастыктады. Кырсык Сокулук районуна караштуу Манас айылына жакын жерде түнкү саат 01:30 чамасында болгон. 

“Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, натыйжада унаа жолдун чекесине тоголонуп кеткен”,- деп ведомстводон билдиришти.  
Айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Башка эч ким жабыркаган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости