www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч ай мурун издөөгө алынган Алтынбек уулу Эржигит табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ушул жылдын 20-августунда 16 жаштагы Алтынбек уулу Эржигит Сокулук районундагы Киров көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес. 

Кечээ, 15-ноябрда жоголгон бала Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энесине тапшырылып берилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча бул өспүрүм буга чейин дагы бир нече жолу үйүнөн качкан экен. Ал Чоң-Кемин айылында жашаган досунун үйүнөн табылган. Үч ай бою досунун үйүндө жашап жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости