www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп заманда,  элге туура эмес мамиле кылып келген Жыпар Жекшеев туура кылды, ал КТРКнын Байкоо кеңешинин жетекчилигинен  кетти. Бул “Лёдь тронулся” –деген кепке алып келет. Жекшеев кезинде Акаевдин туусун көтөрүп аким болгон, анан “чиновник” болуп жүрүп эскирген. Кеп анда эмес, бүгүн Атамбаев “бөк десе өк этип, бүк  десе  бүк эткен” “хамелеондордон” кутулуш керек. Туурасы ”фейк” же жалган дүйнөсү катары биздин мамлекетти курчап алгандардан арылышыбыз керек. Атамбаевдин бийлиги учурунда да ага каршы өз оюн айткан журналисттер болгон. Сакалдуу журналисттер Бекен Назаралиев, Чолпонбек Абыкеевдерди жана толтураларды кеп кылбайлы. Эрнис Кыязов, Дайырбек Орунбеков сыяктуу орун алып калгандарды да сөзгө кошпойлу. Учурда мамлекет маалыматын жылдыра турган күжүрмөндөр барбы?

 

Кислота

Жамалбек Рысалиев

Жамалбек мырзанын иш деңгээлин көрүп ооз ачса болот. Бизнести бышырды. Бишкек депутаты катары саясатты бышырды. Акыркы күндөрү маалыматка киришип, аны бышырайын деп жүрөт. Бир ирет балдар айтып калды, ушул китепти окуп коюңузчу деп бир китеп беришти. Балдардын көңүлүн сындырбайын деп окуп баратып,  кирип кеттим. Авторун карасам Жамалбек Рысалиев. Биз бала кезде Зуура Сооронбаеванын “Жетимдер” деген китебин окуп алып шолоктоп ыйлаганбыз, Жамалбек Рысалиевдин китебин окуган кишинин да ыйлагысы келет, ушул жигит маалымат майданына жаңы келип, сайтты баштап баратат, ийгилик каалайлы. Эмнеге ушундай жигиттерди бийлик пайдаланса болбойт?

 

Икосаэдр

Гүлжан Шерипбаева

Химиянын башы икосаэдрден башталат. Бүгүнкү маалымат башы Гүлжан Шерипбаевадан башталат деп айтпайм. Гүлжан Шерипбаева таланттуу жана бүгүнкү күндөгү күчтүү журналист. Гүлжан Шерипбаеванын  чеги өзү менен гана бүтпөйт. Ал өз аркасында бир топ жаштарды жана анча-мынча “эскирип” бараткан  журналисттерди ала жүрүп бүгүн Кыргызстан гана эмес, Борбор Азияда лидерликке умтулуп турат. Эгер Гүлжан Шерипбаеванын мындай демилгесин суутпасак, буюрса дүйнөдөгү анча-мынча маалыматчылар менен ат салышары бышык.

 

Уу

Элнура Кулуева

Ууну  чачса болот. Арийне, Элнура Кулуеванын уусунан кудай сактасын. Элнура айым жанагы эле аарынын өзү, тийишпесең жүрө берет, тийишип көрчү, уюгу менен жабырап келип чагып уусун чачса, премьерди мындай коёлу, дүйнө титиреп кетет. Ошол үчүн Элнурка айым Гиннестин китебине Кыргыздын беш бармагын каттап жүрөт да. Эми анын атасы Кыргыз Республикасынын Гимнин күн сайын сайратып турган Шабданбек Кулуевди сөз кылбай туралы...

Щелочь (жегич)

Канышай Мамыркулова

Мен коррупционермин десем эч ким ишенбейт. Бирок, коррупционер экенимди дагы бир далилдеп кетейин. Канышай Мамыркулова менен илгери “Кыргыз Руху” гезитинде бирге иштегенбиз. Эми анын импотенциясын билбейм, арийне, потенциясы күчтүү. Саясатты жадыбалдай билет, барын билет, анча-мынча “политикандарды” “сындырып” коёт. Оозумду ачканым, эркектердин гана темасы деп жүргөн санжырадан кеп кылса, Бишкектен уктап, Оштон ойгоносуз. Жегич мансапкорлор элдин мүлкүн жесе, Канышай Мамыркулова мансапкорлорду жегенди жакшы көрөт.

 

Туз

Наралы Асанбаев

Наралы мырза атка шап минди. Анткени, “Жаңы Ордо” гезиттердин  тузуна айланган. Илгери бир учурда “Асаба”, “Агым” деген гезиттер бар эле. Ошондо “Агымды” “Чагым” деп коркпой күрөшкөн гезиттердин бири эле. Бүгүн “Агым” кепинге ороноюн деп жүрөт. Ал эми кечээ барын талкалаган “Жаңы Ордонун” башына Наралы келгени нардай жөөлөп кийинки жаштардын жүрөгүн түшүрүп келатат.

 

Спирт

Төлөгөн Карыкеев

Спиртти пайдалангандар совет учуру сыяктуу карыгандан карып келатат. Бир гана Төкөм карыбай койду, эл карып, ак сакалын бирден санап калса да, Төлөгөн Карыкеев күнүгө түлөп, спирт ичкен сайын ымшып, жашарып баратат. Мелис Эшимканов “Асаба” учурунда акеси Төлөгөн Карыкеевге акча бергиси келсе, теннис ойноп утулуп, акча  берчү экен. Төлөгөн Карыкеев Мелисин жутуп койгон, эми кимиңер ага, улам жашарып бараткан жигитке  акча берер экенсиңер? Ал эми классташы Сооронбай  Шарипович менен үкасы Мухаммедкалый Абылгазиев аны карып калды деп эсептейт. Ошондуктан жаш жана мыктыларга орун берели...

Деги:

Кечээ номенклатура ВЛКСМден болчу, ал өчтү, анан парламентке өттүк, булардын “жегичтигин” эл туйду, балким бүгүн маалыматта элди алып чыккандардан бийликке таасир этчү маалымат башчыларын дайындайлы.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости