www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгектин ардагери, ардагерлер Кеңешинин мүчөсү Акун Алапаев NazarNews.kg маалымат агенттигине ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияны мыйзам талаасындагы кетирген каталары тууралуу пикирин билдирди.

--Жайдын аптап күндөрү, тактап айтканда июль айынын башында  Айыл чарба министрлиги тарабынан Өкмөттүн кароосуна токтом долбоору сунушталды.

Долбоордун ток этээр жери, мамлекеттик органдар арасында функционалдык милдеттерди туура бөлүштүрүү аркылуу, коррупциялык элементтерди жоюу менен мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун арттырууну камсыздоого багытталган.

Эң туура саясат деп ойлоймун, себеби коррупция качан пайда болот, качан бир мамлекетти корганга, өзүнө тийиштүү да тийиштүү эмес да милдеттер жүктөлгөндө пайда болот.

Ошондуктан, ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияны мыйзам талаасына алып келүү керек. Өкмөттүн иш аракетин жөнгө салуучу Коституциялык мыйзамда “Инспекция-текшерүүчүлүк инспектордук милдетти аткарат” деп так жазылган.

Бүгүн абал башка, инспекция вакцияна сатып алат, эпизоотияга каршы иш-чараларды бекитет, өзү вакцинация иш-чараларын уюштурат жана алардын аткарылуусун көзөмөлдөйт. Бир колу менен жасап, экинчи колу менен текшерет, ушул кантип болсун.

Жогоруда айтылган токтом долбоорунун сунушталуусу, учурда К. Жумакановтун түнуйкусунтөрткөбөлүп, абданкыжаалаткылууда.

Долбоорду бардык район шаарлардагы ветинспекцияларга жөнөтүп, жер жерлерден өкмөткө атайын “өтүнүч” каттарды жөнөтүү боюнча тапшырмаларды берип, катуу иштеп жаткан мезгили. Эгерде мындай каттар келе баштаса таң калбагыла.

Өкмөт К. Жумакановтун жеке керт башынын кызыкчылыгынан, жалпы элдин кызыкчылыгын жогору коюп, калктын убал сообун ойлоп мамлекеттик органдар арасында милдеттерди мыйзам талаасында аныктайт деген терең ишенимдемин.

Кесиптин ардагери катары, тармактагы көйгөй маселелердин чечилүүсү мага да өтө маанилүү.

Сиздерди тереңурматтоо менен,  эмгек ардагери, ардагерлер Кеңешинин мүчөсү Акун Алапаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости