www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ала кушту атынан ата» демекчи, КСДПдан депутат болгон Элвира Сурабалдиева да ойт берген жагынан камчы салдырбайт го, чиркин!
Атамбаевдин аркасы менен мандатка жетип, бирок, кыйын шартта шефин сатып кеткенине кандай баа беребиз? Бир жылдан кийин Жогорку Кеңешке шайлоо болот эмеспи, Элвира айым атасынан калган байлыгын чачса да четке сүрүлүп, аламанга аттанган «үйүр топко» кошулбай калбайбы? Дайыма эле көрүнгөн жээкке секиргендер муратка жеткен эмес да, ыя?
Маркум Жыргалбек Сурабалдиев тирүүсүндө өрт киши эле, чак түштө атылганы эсибизде. Кимдер кылмышка шектүү экенин саясатчы Адил Турдукулов бир канча жолу айтып, эч коркпостон ЖМКларга маектерди берип келген. Таңгалычтуусу, Элвира айым атасын өлтүргөндөргө каршы бир ооз сөз сүйлөбөйт да, анан кайдагы бир бизнес кызыкчылыктарды оозанып, «адилеттүүлүктү» айтымыш болуп жүрөт. Элдин өкүлүсүңбү, астыңда чоң трибуна турабы, эмесе, акыйкат астында ойноктобой таза күрөшө бил да! Өзгө күйбөй башканы айтканда не? Артисттиктин чеги болот, коомчулук деле карап турбайбы!, - дейт "АЗИЯnews" гезити.
Булак: NazarNews.kg