www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тууганчыл Абылгазиевди “Ирсалиевдердин кланы” Атамбаевдин заманынан бери түртмөлөп келатат.Арийне, 2017-жылы президенттик шайлоодо Ирсалиевдер эки талаада иштешти. Алар күндүз ачык Сооронбай Жээнбековдун талапкердигин колдосо, түнкүсүн жашыруун Өмүрбек Бабановдун талапкердигин колдошкон. Эмне үчүн далилдеп беребиз. Жыйынтыгы Ирсалиевдер “крыша” болуп турган Теңир-Тоодо шайлоо участкаларынын алды 70-90 пайыз Бабановго добуш салып беришти. Бул тууралуу маалыматты БШКдан алса болот. Демек Ирсалиевдер жакшы иштешкен.

Эмне үчүн Бабановго Ирсалиевдер түнкүсүн иштеп беришти?

Ирсалиевдер биринчи ирет депутаттык орун үчүн 2005-жылы Акылбек Жапаровдун кланы менен жөөлөшө кеткен. Көмөккө Бабанов келип, Жапаровду жалпайта чаап Ирсалиевге добуш алып берген. 2007-жылы Бабанов СДПКнын республикалык штабын жетектейт, ал эми Нарын облусунун штабын  досу Ирсалиевдерге тейлетет.СДПК парламентке жеткени менен Бабанов Казакстандын жараны катары ЖКга өтпөй, кийин биринчи вице-премер болот. Бабанов Атамбаевден кеткен соң кыйын кырдаалдарда Ирсалиевдер да СДПКны “кидать” этип депутаттыктан кетет. Атамбаев Убактылуу Өкмөт менен бийликке келгенде “Ирсалиевдердин кланы” пайда болот, Атамбаевди айланчыктап жүргөнү менен ишеничине кире албай бир топ убакытты өткөрөт.

Ирсалиевдер кимдер?

Ирсалиевдер азыркы өкмөт башчысы Абылгазиевдин бир тууган жээндери.

Ирсалиевдердин ана башы Дүйшөн Ирсалиев. Ал компартиянын убагында Кочкордун комсомолунан таскактап кеткен. Акаевдин учурунда элдин байлыгын бүт өзүнө жымырып алган. Бакиевдин учурунда “Нарын” эркин экономикалык аймагын жетектеп, Кытайга  темир-тезек сатып, ууруларды кан ыйлатып көрүстөндөгү арбактарга арналган эстеликтерди чыгарып келсе да кулкунунан өтүп жүрүп, темир-тезек сатып жүрүп байыган Атамбаев бийликке келер менен “Темир” мамлекеттик ишканасын жетектеп калат. Бирок, Атамбаевдин ишеничине кире албагандыктан Раиса Атамбаева менен Икрам Илмияновду колго алат.  

Дүйшөн Ирсалиевдин багын Илмиянов ачкан, ал Илмияновдун эң жагымдуу баласына айланып. Коомчулукта айтылгандай кошоматчы Дүйшөн Ирсалиев Илмияновдун салмагын Атамбаевден да жогору коюп, эл арасында эл билбеген,оюнан чыгарган сапатын даңазалап жүрүп  май каймактуу  “Кыргыздипсервистин” жетекчилигине келет Илмиянов аркылуу Раиса Атамбаевадан “добро” алган Дүйшөн Ирсалиев Президенттик аппараттын жетекчисине орун басар, андан кийин  Мамлекеттик Мүлк фондун жетектеп Илмиянов экөө мамлекеттин мүлкүнө кол сала баштайт.

Дүйшөн Ирсалиев 2017-жылы президенттик шайлоодо Теңир-Тоону өзүм чимирип берем деген сөзүнө тура алган жок. Иниси Рахаттын досу Бабанов үчүн иштеп, добуштун көбү Теңир-Тоодо Бабанов алганы белгилүү.

Рахат Ирсалиев эки жолку парламент депутаты, ал элди ойлобой эле  атасынын атын мектепке койом деп чуркап жүрдү. 2006-жылы Кочкордо жер титирегенде “Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба” дейт, бүлдүргүнүн барын өзүнө ташыган Ирсалиев байлыгын эки эсе көбөйтүп алды. Эл тамынан ажырап кыйынчылык тартып жатканда пайдасын көргөн Ирсалиев Кочкордун автовокзалына чейин менчигине чыгарып алды.СДПКнын башына күн түшкөндө Бабанов экөө таштай качканы менен, Атамбаев бийликке келер менен ийиктей чимирилип жетип барган.

Канат Ирсалиев Атамбаевдин түздөн-түз эркек ОБОНчусу, өзүнүн айлана-тегерегине Мээрбек Мискенбаев сыяктуу ОБОНчуларды топтоп колдоп, маалымат тарапты көздөгөн ушул шоркелдей.

Медет Ирсалиев Абылгазиевге күчүктөй үргөн кызматкери эле,таякеси вице-премьер болуп кеткенде Соцфонддун төрагасына орун басар кылып кеткен. Таякеси премьер-министр болор менен Соцфонддун төрагасы болгон.

Ирсалиевдерден айырмаланып Фарид Ниязовдун күчтүү пиар-менежер экени белгилүү. Алардын туруксуз, саткын экенин билген Ниязов алардын кадр маселесине көп аралашкан эмес. Фарид Ниязовго ар кандай “ярлыктар” тагылып жатканы белгилүү, анткени чынында эле маалымат жаатында күчтүүлүгү бар атасы кыргыз, энеси татар кызы. Күйөө баласы Өмүрбек Сатаев КТРК менен “Азаттыкта” продюссерлик кылып, маалымат жакты колго алган. Ал Акаевге, кийин Атамбаевге пиар-менежер болуп берген.

 

Атамбаев менен Абылгазиевдин кандай жакындыгы бар

Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары болор менен Соцфонддун башына Ирсалиевдердин сунушу боюнча Абылгазиевди алып келет.Соцфонддо пенсияга деген солго кеткен булактар көп болгондуктан, Абылгазиев “жакшы аккан булакты” Атамбаевди көздөй буруп агызып койот.Башында Атамбаевдин түзмө-түз ишеничине Абылгазиев кире алган эмес, Ирсалиев Дүйшөн аркылуу, андан секирип Раиса Атамбаева аркылуу чукулдап келген. Көп иштерге Атамбаев аркылуу эмес Раиса канайым аркылуу аралашкан. Коомчулуктун кызыгуусун жараткан Атамбаевдин казынасына жубайы аркылуу “арыгын” буруп келген. Азыркы кезде көпчүлүктөн нааразычылыгы Раиса Атамбаеванын “кошелогун” өкмөт башчысына коюп койгондугу. Бул болсо ошого таянып жалаң туугандарын жогорку айлыктуу мансаптарга коюп келатат. Абылгазиевдин башкалардан артыкчылыгы ар бир атка минерди кызматына койордо, билимине карабай эки гана таянычка таянат:

1. Ал дайындаган кызматкер өзүнө тууган болушу керек. Болбосо Жуматаева Гүлнура сыяктуу соодалашат.Мен сеникин чоң кызматка койом,сен меникин чоң кызматка кой деп. Бул тууралуу өзүнчө сөз болот.

2. Саясий партиялардын жетекчилеринен акча алып алар сунуш кылган, акчасы көп бирок мээси аз адамдарды кызматка койот.Ал кызматка турар менен элди эмес, өз капчыгын ойлойт.

 

Атамбаев эмнеге Абылгазиев тууралуу ооз ачпайт?

Атамбаев аны көздөй агып жаткан коррупциялык жолду бууп салган үчүн, Раим Матраимовду  “көрдөн алып жерге, жерден алып көргө” чапты. Анда эмнеге Абылгазиев жөнүндө бир-ооз кылтыйып унчуккан жок? Себеби, Абылгазиевдин Атамбаевди көздөй “бурулган арыктары” токтобостон иштеп жатат. Мындай басык менен кете берсек күз деле жетип келет. Күздөгү саясий чыңалууларда президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине көптөгөн ыңгайсыз суроолор жаралышы мүмкүн. Абылгазиевке окшогон адамдар өлкөнүн өнүгүшүн эмес, жеке кызыкчылыгын көбүрөөк ойлоп келет. Кокус бийлик алмашып, оомат Атамбаев тарапка өтө турган болсо, Атамбаев далай кишини “дарга асам”, далай кишини каматам деп опурулуп жатканда, Жээнбеков ээгин бекем тиштене баштаганда, Абылгазиев “жылт” коюп Атамбаевдин колтугуна кирип кетиши айдан ачык байкалып турат.

 

Абылгазиев Атамбаевдин кишиси болсо да эмне үчүн кызматынан кетпейт?

Мыйзам боюнча Абылгазиевди парламент кызматынан алат. Абылгазиевдин өкмөт башчысы катары былыктары чукулуп элге маалим боло баштады. Цивилизациялуу мамлекеттерде мындай былыктарынын бети ачылса өкмөт башчылыгынан өзү эле кетиш керек эле. Бизде күндүз Жээнбековдун лагерине кошулса, түнкүсүн Атамбаевдин лагерине кошулуп, күндүз элдин ишин бүтүрүмүш болуп, түнкүсүн ичип –жеп илең-салаң жүрө берсе акчадан бакыт тапчудай.

Абылгазиевге жегенге көмөк көрсөткөндөр: Чолпон Сабырбековна Абазбекова (аялы), Иманкадыр Рысалиев (бажасы),  Абир (уулу), Кайрат (уулу), Таалайгүл Сабырбекова (балдызы), Эмилбек Жамгырчиев (өкүл-баласы), Саадат Дуйшекеева (кызы), Ажар (кызы), Роза Абылгазиева (жеңеси), Азиз Абылгазиев, Айнура Дүйшекеева, Жылдыз Абылгазиева, Калыйнур Абылгазиев, Кундуз Абылгазиева (бир туугандары), Урматбек Жакыпбеков (күйөө баласы), Бермет Абылгазиева (бир тууганынын кызы);

Абылгазиевдин алкымын тыйып жаткандар:

Дүйшеке Абылгазиев (атасы), Жеңилдик Абылгазиева (энеси).

Бул макалалардын уландысы болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости