www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№1 СИЗОдо жаткан Аида Салянованын ден соолугу күндөн - күнгө начарлап баратканын, өпкөсү, жүрөгү ооруп атканын жактоочусу кабарлаган. Ооруканага жатып, дыкат дарыланууга барбаса, акыры өлүп калуу коркунучу бар экени да айтылууда.

Аида айымдын абалы мынчалык оорлошуп бараткан соң, тийешелүү органдар текшерүү жүргүзүшүп, гумандуулук жолго барышса болбойбу? Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине күнөөлүү башка чиновниктер эркиндикте жүрүшкөнү, камакта болсо катардагы дарыгерлер менен Салянованын кармалышы калыстыкпы? Ооруга чалдыкканына карабай, 4 жашар кызын чыркыратып коюп камап салышканы кайсы логикага сыят?

Албетте, эгер күнөөлүү болсо, мыйзам алдында жооп бериш керек. Бирок, азырынча тергөө иштери бүткөнчө Салянованы башка айыптуулардай эле үй камагында кармап турса гумандуулук болмок да. Ысыктын күнүндө СИЗОдон оорусу өтүшүп кетип, кокус өлүп калса ким жооп берет?, деп "АЗИЯnews" гезити коомчулукка пикирин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости