www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) менен Жоокерлердин энелеринин республикалык комитети менен түзүлгөн меморандумдун алкагында 25-апрелде Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Касымов, жогоруда көрсөтүлгөн комитеттин төрайымы  У.Байгубатова, аталган комитеттин Ош облусу боюнча өкүлү  Н.Ыдырысова Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Ош шаарындагы башкармалыгынын “Ак-Буура” чек ара заставасында жоокерлер менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда жоокерлердин жашоо шарттары менен таанышуу болду, ошондой эле, жоокерлерге деп базардан сатып алынган таттуулар  таркатылды.  Акыйкатчынын өкүлү тарабынан Адам укуктары тууралу сөз сүйлөнүп, жоокерлер менен кыйноолордун алдын алуу максатында жеке сүйлөшүүлөр өткөрүлдү, кыйноо фактылары аныкталган жок. Ошондой эле, жоокерлердин алдында комитеттин төрайымы сөз сүйлөп, жолугушуудан кийин кызмат өтөөдө өзгөчөлөнгөн жоокерлерге комитеттин грамоталары тапшырылды.

Көрсөтүлгөн иш-чараларда Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Ош облусундагы башкармалыгынын командиринин орун басары  полковник Биримкулов Эрнур Салманович коштоп жүрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости