www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул мааалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Тармактык комитеттин жумушчу тобу миграция, адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча көчмө жыйын өткөрдү Бүгүн, 26-апрель күнү Чүй облусунда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданияты жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин депутат Евгения Строкова башында турган миграция, адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын иликтөө боюнча жумушчу топтун көчмө жыйыны болду. Анын курамында, депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, укук коргоо органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, адистер менен эксперттер бар.

Жумушчу топтун мүчөлөрү Чүй облусундагы жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен бирге миграция, адам сатууга каршы күрөшүү жаатында мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана жакшыртуу маселелерин талкуулады. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова бул багытта жүрүгүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу учкай маалымат берди. Анын айтымында, бул жерде миграциянын эпкини менен сыртка кетип, кыйынчылыкка кабылгандар анчалык деле көп эмес, ал эми адам сатуу боюнча бир дагы факты катталган эмес.

Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов баардык мамлекеттик органдар менен бирдиктүү иш алып баруу максатында мамлекеттин миграция саясатынын долбоору даярдалып жатканын айтты.

Депутат Евгения Строкова тармактык комитеттин жумушчу тобу миграция, адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча ушундай эле көчмө жыйынды жакын арада Баткен облусунда өтөрүшө турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости