www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бангкоктун туристтик борборунда эркек адам бир мүшөк кобраны сыртка төгүп салган. Унаа өткөн жолдон Mercedes с үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу токтоп туруп, машинасынан бир кап кобраны борбордун так ортосуна төккөн.  

Жыландардын арасында, жөнөкөй жана каролдук кобралар ар кай жакка сойлоп көчөдө бара жаткандарды ызы-чуу кылды.

Бейтааныш ары-бери чуркап, ар кай жерде сойлогон кобралардын башын кесип ыргытып кирген. Бети-башы кан болгон айдоочуну полициялар араң кармашкан.

Кармалган адам, Таиланддын 44 жаштагы жараны болуп чыкты. Сурак учурунда, ал эч кимге зыян кылууну каалабагандыгын, болгону монахтын айтуусу менен эки жума мурун кайтыш болгон руханий устатынын урматына, ырым-жырым жасап жаткандыгын билдирген. Сурактан кийин аны психикалык ооруканага жөнөтүшкөн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости