www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2000-жылдарга чейин Кыргызстан коңшу мамлекеттен ири суммадагы карыз алган эмес. Акыркы маалыматтар боюнча (2019-жылдын май айынын аятына карата), Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карыз 1 миллиард 711,6 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

Кыртызстандын тышкы карызы дээрлик 3,8 миллиард долларга барабар. Эгемендүүлүк алгандан бери мамлекеттик карыз жыл сайын кантип өскөнүн график түрүндө көрө аласыз.

Белгилей кетсек, Каржы министрлигинин сайтындагы 2018-жылдын декабрь айына карата маалыматтар жоголуп кетендиктен, ноябрь айындагы маалыматтар колдонулду.

Кыргызстан Кытайдын "Эксим-банкынан" алгачкы карызды 1992-жылы 5 миллион доллар көлөмүндө алган. 2000-жылы карыздан толугу менен кутулган. Бирок кийинки жылы кайтадан акча алууга туура келген. 2009-жылдан тарта Кытайдан алынган карыздын көлөмү кескин өсүп, 47 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2010-жылы карыз 150 миллион долларды чапчыган. Ошентип 2019-жылдык майына карата Кытайдан алынган карыз 1,7 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу "Факты.kg" жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости