www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «мамлекеттик корукка кирген 16 миң гектар жер «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн берилип кеткен» деген маалыматты четке какты.

Ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында Кумтөрдү иштетүү боюнча 1997-жылы жаңы лицензия берилгенин, анда 26 миң 660 гектар жер берилгенин айтты:

-Кумтөр боюнча ар бир жаңы келишимде ар кандай сандар жазылган. Бирок 26 миң 660 гектар жер 1997-жылы эле берилген. Андан кийин өкмөт, мамлекет 1 гектар жер да кошуп берген эмес. Тескерисинче, кийин тактай келгенде 26 миң 400 гектарга чейин азайган.

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков буга чейин «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндө, келишимге ылайык өкмөт мындан 10 жыл мурунку милдеттенмесин аткарганын айткан:

-2009-жылы концессиялык келишим бекитилип жаткан учурда «Кумтөргө» кошумча кен казууга 26 миң гектар жер аянты берилген. Бирок 2012-жылы өкмөт бул токтомун жокко чыгарып, кошумча берилген жердин аянты 10 миң гектар эле болуп калган. Анан биз ошол 2009-жылдагы келишимдин шарттарын аткарыш үчүн 16 миң гектар жерди кайра кайтарып бердик. Анткени 2009-жылдагы келишимдин негизинде 26 миң гектар жер аянты кошумча кен казууга берилип, анын эсебинен биздин акциялар көбөйгөн. Ага чейин биздин «Центеррадагы» акциябыз 15% болсо, кийин 33% пайызга чыккан.

2009-жылы 6-июнда ошол кездеги өкмөттүн токтому менен «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк-батыш аймагындагы Кумтөргө жакын жер аянты «Кумтөр голд» компаниясынын карамагына өткөн. 2010-жылы 14-июнда «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругундагы Кара-Сай, Коёнду жана Үч-Көл тилкелеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. 2012-жылы бул маселе өкмөттө каралып, «Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамда мамлекеттик корукта геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары көрсөтүлгөн. 

Последние новости