www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Билим берүү министри Каныбек Исаков, мектептердеги акча топтоолорго каршы эмес. Болгону ал ата-энелердин социалдык абалын карап, турмуш шарты начарларды каражат топтоодон бошотуу сунушун айтты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, жаңы министр Сокулук районундагы мектептердеги ар кандай чогултууларга каршы болгон ата-энелер жана мектеп директорлору менен райондук билим берүү жетекчисинин катышуусунда жыйын куруп, жогорудагыдай пикирин сунуштаган.

Мында билим берүүнүн жетекчилери ата-энелердин берген акча каражаттын мыйзамдаштырууну сунушташсса, ата-энелер топтолгон акча кайда? Эмнеге? Жумшалгандыгы ачык-айкын болушу керек экенин эскертишкен.

Жыйынтыгында, каражаттын чогулушу жана топтолгон акчанын иштетилиши ата-энелерге жүктөлдү. Ал эми мектеп жетекчилиги мындай түйшүктөн таза кутулуп, мындан ары кийилигишпей турган болушту.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-сентябрдагы Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында депутат Тынчтык Конушбаев Военно-Антоновкадагы гимназияда чогулган мыйзамсыз акчаларды санап берип, буга өзү дагы таңгалганын жашырган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости