www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын “Альфа” атайын даярдыктагы тобунун командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмү боюнча комиссиялык экспертизасынын бүтүмү чыккандыгы тууралуу бүгүн NazarNews.kg сайтында кабарланган.

Анда экспертизанын жыйынтыгы боюнча Үсөнбек Ниязбеков октун алдыңкы бөлүкчөсүнөн (сердечник патрона) каза болгондугун аныкталгандыгы айтылган. Бул жагдай эми Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилигин жеңилдетиши мүмкүн. Себеби, маркумду өлүмгө алып келген ок өзү эмес анын алдыңкы бөлүгү болгон. Мындайча айтканда, кызматкерге рикошеттен улам ок тийген.

Эми Атамбаевдин жактоочулары ага коюлган беренени өзгөртүүнү талап кылышы мүмкүн. Буга чейин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча иш козголсо эми аны экспертизанын жыйынтыгы боюнча “Капысынан адам өлтүрүү” беренесине алмаштыруу мүмкүн. Эгерде “Адам өлтүрүү” боюнча айыпкерге 12 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралса, “Капысынан адам өлтүрүү” беренеси менен 2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин жаза каралган. Бирок, жабырлануучу тараптын жактоочусу Кайрат Загибаев атайын топтун кызматкерине ок  атайылап чыгарылган. Ал эми ага бүтүн ок кирбегендигинин себеби, ал маалда УКМК кызматкери кыймыл аракетте болгондугу менен түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, Үсөнбек Ниязбеков 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясы учурунда окко учуп, каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости