www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл-чарба, тамак-аш жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев “АЗИЯnews” гезитине маек курган.

- Жаныбек Калканович, балык чарбасы азыр кой, бодо мал, жылкы сыяктуу эле айыл чарбасынын бир тармагына айланып баратат. Ал экономикага канчалык таасир этүүдө?

- Өзүңүздөр жакшы билесиздер, мурда балык чарбасы жакшы каралбай келген. Бирок, биз Бажы биримдигине киргенден кийин анын өсүүсү, багыты жаңы нукка түштү. Биздин фермерлер көлмөлөрдү жасап, балыктын түрлөрүн өстүрө башташты. Мурда бизде жылына 900 тоннага чейин эле балык өстүрүлсө, быйыл 3 миң тоннага жетти. Бул абдан жакшы көрсөткүч деп айтсак болот. Кыргызстанда өстүрүлгөн балыктын сапаты башка мамлекеттерге салыштырмалуу абдан жакшы болуп, көбү экспортко кетип жатат. Казакстан, Россия сыяктуу мамлекеттер өздөрүнүн балыгы болсо да биздин радужная форелди алышууда. Кээ бир фермалар икраларды өстүрүп, сатуу боюнча да иштерди жүргүзүп жатышат. Ушундай темп менен кетип отурсак, биздин республикада балык чарбасы жакшы өнүгөт деген ойдомун.

- Балык мурда бизге негизинен сырттан келчү эмес беле. Азыр ошондо келбей калдыбы?

- Сырттан да келет. Себеби, бизде өстүрүлгөн балыктар ички керектөөнү толук жаба албайт. Бирок, өзүбүздө өндүрүлгөн балык менен сырттан келген балыктын сапатын такыр салыштырууга болбойт. Жакында эле Сауд Арабиясынан келген коноктор биздин балыкты жеп көрүшүп, «даамы башкача экен» деп аябай таңкалышты.

- Балык чарбасы суу менен байланыштуу эмеспи. Андай болгондон кийин көзөмөл да катуу болушу керек го?

- Көлмөлөр жасалып жатканда ага уруксат алынат. Атайын нормалар бар. Көлмөдөн чыккан суу сугатка гана пайдаланылат. Эгер көлмө иче турган таза сууга жакын болсо, андай жсрлерге балык өстүрүүгө уруксат берилбейт.

Аттокур ЖУМАЕВ

Булак: “АЗИЯnews”

Последние новости