www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев коомчулуктун көңүл борборуна алынып, өзү тирүү туруп, эстелик койдуруп алды деп  түрдүү сындарга кабылган Алиасбек Алымкулов тууралуу оюн билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.

Жакшы ийленип, жакшы бычылып, жакшы тигилип анан ышкын түпкө салып жакшы бойолгон тонду аңтарып кийип алсаң желмогуздай болуп көрүнүп каласың... Маалымат деле ошондой... Аңтарасынан салып айтып салсаң элдин баары дүрбөйт, нааразы болуп наалыйт...кай бири каргап-шилеп деле жиберет... Кеп сөздүн айтылуусунда... Мына, эки күндөн бери Алиасбек Алымкуловду айтпаган, жазбаган киши калган жок окшойт... Анткени баштапкы маалымат аңтарасынан салынып, тескери таркатылды, балким атайын эле ошондой кылынды... "Алиасбек өзүнө өзү тирүүсүндө эстелик коюп алыптыр"- дегендей мааниде кетти...

Көзү тирүүсүндө эстелик коюлган, расмий түрдө атайын чечим менен коюлган, эстеликтер мурда деле бар болчу... Мисалы, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Таштанбек Акматовго тиги СССР мезгилинде өз айылы Ак-Сайдын борборуна бюст коюлган, ал учурда мыйзам ушундай болчу... Кийин, ал киши 75 жашка чыгып Кыргыз Эл Баатыр деген наам ыйгарылганда Академик, Кыргыз Эл Баатыры Тургунбай Садыков атайын айкел даярдап Кара-Кужурдун баш жагы, Арчылынын этек жагында жайгашкан Таштанбек авамдын конушуна эстелик орноткон, азыр да турат дөбөдө, жайылган малга көз салып... Академик, Кыргыз Эл Баатыры Мамбет Мамакеев авабыз 90 го чыкканда клиниканын эмгек жааматы демилге көтөрүп оорукананын алдына ал кишиге айкел орнотушту...

Ал эми учурда чуу болуп жаткан эстеликтер ошол эле Айыл Өкмөттүн тургундарынын демилгеси менен Баатырлар Аллеясы түзүлүп, ошол жерге жыйырмадан ашуун Эл Баатырларынын бюстары орнотулганын дагы, алардын арасында көзү тирүү Алиасбек гана эмес, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров, генерал Кубанычбек Козубаев да бар экендигин калыстык үчүн айтышыбыз керек го дейм. Жергиликтүү эл жаштарга, келечек муундарга таалим-тарбия болсун деп коюп жатат да ал эстеликтерди, ошол мурдагы муундардын ичинен Баатыр деген бийик наамга татыган агаларынан үлгү алсын деп коюп жатат да.

Алиасбек Баатыр катары даңкталууга татыктуу.

Ал 2010-жылдын 7-апрелинде кай бирөөлөрдөй болуп, "...эмне болуп атты экен?" - деп оозун ачып барып капысынан ок жеп жаракат алган эмес ал, Алиасбек акыл-эси менен, ички жан дүйнөсү менен күрөшкө чыккан... өзү эле эмес достору-жолдоштору менен чогуу чыгышкан... Башына бир эмес эки жолу ок тийген, бир ок маңдайынан кирип кежигеден чыгып кеткен... Ажалы жок экен...Жаштар министри катары жакшы аракеттерди жасады, колунан келишинче жан үрөп иштеди.... мына азыр дагы да эл үчүн деп эмгек кылып жүрөт...

Алиасбекке ден соолук каалайм, иштерине ийгилик каалайм... Ушинтип эле элдин сый урматына ээ болуп жүрүүсүнө тилектешмин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости