www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Тоскоолдуксуз шаар» тобунун Казан шаары боюнча координаторлору Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге ачык кайрылуу жасашты. Бул тууралуу «Idel.Реалии» сайты жазды.

Кайрылуунун авторлору казак президентин Казандын Нурсултан Назарбаев атындагы көчөсүн кыдырып, анда майыптарга эч кандай шарттар жок экенине күбө болуп кетүүгө чакырышты.

«Тоскоолдуксуз шаардын» координаторлорунун кайрылуусу Назарбаев көчөсүндө казак тараптын белеги катары «Казакстан жана Татарстан элдеринин ынтымагынын символу» болгон «Тайказан» аттуу скульптуралык композиция пайда болгондон көп өтпөй жарыяланды.

Кайрылууда жазылгандай, метродон чыккан майып адам «Тайказанга» чейин кеминде бир чакырым жол жүрүшү керектигин билдиришти. Анткени жакын жайгашкан жер алдынан өтүүчү жолдогу лифттер иштебейт жана андагы пандустар өтө тик болуп, майыптар араба ы менен өз алдынча чыгууга мүмкүн эмес.

Кайрылуунун авторлору татар бийлиги бардык лифттерди оңдоп, пандустарды ылайыктуу кылып коет деген үмүт менен Нурсултан Назарбаевди майыптар арабасы менен келүүгө үндөштү.

«Тилекке каршы, иштебеген лифттерге байланышкан абалды өзгөртүүнүн башка жолун көрө албай турабыз: шаардыктардын пикири бийлик үчүн маанилүү эмес», — деп жазышты алар.

Шаар тургундарынын каршылыгына карабастан, 2015-жылга чейин Эсперанто деп аталып келген көчөгө Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилген. Анда Татарстан президенти Рустам Минниханов бул чечимди президент Назарбаевге «белек» деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости