www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 8-ноябрда Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Талас шаарында өткөн маарекелик иш-чарада билдирди. Белгилей кетсек, аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, Жогорку Кеӊештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү, маданий жана коомдук ишмерлер, жазуучунун үй-бүлөсү жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген меймандар катышты.

Төрага Дастанбек Жумабеков өткөрүлүп жаткан иш-чара асыл инсандын айтылып бүтпөс ойлорун, калтырган бай мурасын кеңири таанытууга көмөкчү болорун билдирип: "Бүгүн Талас шаарында уюштурулуп жаткан салтанат маарекелик иштердин маанилүү бир бөлүгү болуп саналат. Себеби, Чыңгыз Айтматов Манас бабабыз турак кылган ушул куттуу аймактын кулуну. Талас жергеси улуу калемгердин талантын ачып, аны такшалткан", - деди.

Ошондой эле Төрага алп калемгердин руханий мурастарынын маанилүүлүгүнө токтолуп: "Айтматов "Адам уулу качан адам болот?" – деген улуу суроонун тегеринде ой терметип, окурманын да ойлонуп, толгонууга түртөт. Ошонусу менен алп калемгер Ала-Тоонун гана эмес, ааламдын Айтматовуна айлана алды.  Анын чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес, улуттук искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди", - деп кошумчалады.

Мындан сырткары, маарекелик иш-чаралардын алкагында улуттук оюндар уюштурулуп, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү көк бөрүнүн финалдык таймашына күбө болушту.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Чыңгыз Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын мурасы дүйнөнүн 170тен ашуун тилине которулуп,100 миллиондон ашуун нуска менен 130га жакын өлкөдө басылып чыгарылган.

Эскерте кетсек, 8-ноябрда Талас шаарында алп калемгер Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маарекелик иш-чаралар өттү. Мындан мурун ушундай эле салтанат Ош шаарында да уюштурулган. Ал эми негизги жыйынтыктоочу иш-чара Бишкек шаарында болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости