www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн окумуштууларын жана илим кызматкерлерин кесиптик майрамы  — Илим күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу окумуштуулар жана илим кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктайм!

Биздин милдетибиз — экономикалык жана коомдук өнүгүүнүн негизги шарты катары өлкөнүн илимий дараметин сактоо жана мындан ары карай өнүктүрүү.

Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү аркылуу гана биз эл аралык аренадагы атаандаштыкка туруштук бере алабыз.

Атамекендик илимий-инновациялык потенциал орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүүгө багытталышы керек. Бул үчүн илимий чөйрөнү башкаруу системасын, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, илимий-изилдөө институттарынын эскирген системасын алмаштыруу, илим менен өндүрүш ортосундагы байланышты чыңдоо, илимди максаттуу каржылоонун натыйжалуу системасын түзүү, келечектүү жаш окумуштууларды колдоо аркылуу жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо сыяктуу маанилүү маселелерди чечүү милдети турат.

Улуу муундагы көрүнүктүү илимпоздордун мыкты тажрыйбасын улап, Кыргызстандын окумуштуулары мындан ары да өлкөнүн бакубатчылыгын арттыруу үчүн изденип, иштешет деп ишенем.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык, илимий жаңы ачылыштарды, ийгиликтерди каалайм!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости