www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарында маркум  Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы жаңы конушка ыйгарылды. Бул тууралу Каракол шаардык кенешинин депутаты Азамат Айтбаев билдирди.

Анын айтымында, «11 июлда Каракол шаардык кеңешинин 27- чакырылышынын 21-сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен Карасаев жана Элебаев көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылган».

Ошондой эле Азамат Айтбаевдин билдирүүсүндө, «Жаңы конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын ыйгаруу ошол конуштун тургундары тарабынан демилгеленген. Ал эми бүгүн аталган конушка Чолпонбаевдин ысымы жазылган стелла тургузулуп, жалпы конуш тургундарынын катышуусу менен жана жергиликтуу бийлик өкүлдөрү биргеликте, конушка Улан Чолпонбаевдин аты ыйгарылып ачылыш аземи өттү. Андан сырткары маркум депутаттын бир-туугандары тарабынан конуштун тургундарына боз үй белеке берилди».

Эске салсак, Улан Чолпонбаев Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон (2010-2016-жылдары). Ал "Жер казынасын пайдалануу", "Энергетика", "Жарандык Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү" сыяктуу мыйзам долбоорлорунун авторлорунун бири. Эл өкүлү Каракол шаарында "Табылга" аттуу партияны түптөгөн. Ошондой эле Монголиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу, Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясынын ардактуу президенти болгон. Ал 2017-жылдын 11-ноябрь күнү узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ал болгону 40 жашта эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости